Кампустун катышуучулары – РЭЧжМКАнын, Казань (Приволжск) федералдык университетинин, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бир катар жогорку окуу жайларынын студенттери – жаштар үчүн аткуалдуу багыттар боюнча долбоорлорду иштеп чыгышты: билим берүү жана илим, ишкердик, туризм, IT-секторду өнүктүрүү. Комиссия жаштардын евразиялык экономикалык интеграция процесстерине катышуусуна арналган тематикалык тректин өнөктөшү болду.
Мындан сырткары, Комиссиянын өкүлдөрү "Евразия экономикалык бирлиги эмне үчүн жаштарга керек?" дискуссиясын өткөрүштү жана "ЕАЭБдин жаштар күн тартиби – евразиялык интеграциянын жаңы багыты" деп аталган мээ чабуулун уюштурушту. Мындан сырткары, Илья Кузьмичев жана Эльнура Абдурашитова РЭЧжМКА УУКИнин директорунун орун басары Валерий Смирнов жана РЭЧжМКА УУКИнин базалык евразиялык экономикалык интеграция кафедрасынын доценти Сергей Рекеда менен биргеликте студенттердин долбоорлорунун үстүнөн ишке эксперттер катары катышышты. Бул долбоорлор келечекте Евразия Студенттер ассамблеясынын ишмердигинин негизин түзмөкчү. Аны ЕАЭБдин студенттик коомдоштугун консолидациялоо үчүн түзүү демилгесин РЭЧжМКА билдирди.
Комиссиянын жайкы кампуста катышуусу ЕЭКтин жана РЭЧжМКАнын кызматташтыгынын 2021-2022-жылдарга карата программасынын алкагында орун алды. Анда биргелешкен илимий-билим берүү жана эксперттик-талдамалык иш-чаралардын комплекси каралган.