ЕАЭБ алкагында Медициналык буюмдардын (медициналык багыттагы буюмдардын жана медициналык техниканын) жүгүртүмүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери кол коюшту.
Документ медициналык буюмдун экспертизасы же каттоосу жөнүндө арызды Бирликтин укугунда же ЕАЭБ мамлекетинин мыйзамдарында каралган тартипте 2025-жылдын 31-декабрына чейин берүү мүмкүнчүлүгүн карайт. Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк 2022-жылдын 31-декабрына чейин каралган, жана 2023-жылдын 1-январынан тарта медициналык буюмдарды каттоо бирликтик укукка гана ылайык жүргүзүлөт деп болжолдонгон.
Протокол менен аныкталган мөөнөттү узартуу мүчө мамлекеттерге медициналык буюмдарды бирдиктүү каттоого өтүү үчүн талап кылынган, анын ичинде клиникалык борборлорду жана сыноо лабораторияларын камтыган тутумду өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет. 2022-жылдын декабрында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тийиштүү планды бекиткен. ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко белгилеп өткөндөй, пландын иш-чараларын жүзөгө ашыруу 2026-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ эрежелери боюнча медициналык буюмдарды каттоого сөзсүз өтүүнү камсыз кылат.
Протокол кол коюлган күндөн – 2023-жылдын 13- февралынан тартып убактылуу колдонулат жана Комиссия Бирликтин мүчө мамлекеттери анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.