Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттери жана Комиссиянын Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Данияр Иманалиев баштаган ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана "Кыргыз Темир Жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен 14-ноябрдан 18-ноябрга чейин Бирликтин бажы чек арасында Кыргыз Республикасынын өткөрүү пункттарынын бажы инфраструктурасынын элементтеринин жайгашуусуна жана материалдык-техникалык жабдылышына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин катышуучулары "Иркештам", "Достук", "Кызыл-Кыя" автомобилдик өткөрүү пункттарын жана "Кара-Суу", "Жалал-Абад", "Шамалды-Сай", "Кызыл-Кыя" темир жол өткөрүү пункттарын модернизациялоо, аларды керектүү жабдуулар, техникалык каражаттар жана бажылык контролдоо тутумдары менен толуктап жабдуу менен таанышышты.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында аталган өткөрүү пункттарынын бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштыруу жана материалдык-техникалык жабдуу жагында каралган иш-чаралар толук көлөмдө аткарылды деген тыянак чыгарылды. Кыргызстандын бажы кызматынын өткөрүү пункттарынын жабдылышынын жана кызмат адамдарын бажы контролунун техникалык каражаттарын пайдаланууга жана колдонууга даярдоонун жогорку деңгээли белгиленди.
"Биз барган модернизацияланган өткөрүү пункттары Бирликтин бажы талаптарына толук шайкеш келет, – деп баса белгиледи Данияр Иманалиев. - Комиссия мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүн мониторингдин натыйжалары жөнүндө маалымдайт. 2023-жылы биздин өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте бажы инфраструктурасын модернизациялоо боюнча бардык пландаштырылган иш-чаралардын аякташына ынануу үчүн, Кыргыз Республикасынын калган өткөрүү пункттарына мониторинг жүргүзүүнү пландаштырып жатабыз".