Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу Арменияда жана Кыргызстанда бюджеттин профицити өскөн (тиешелүүлүгүнө жараша 1,4 эсеге жана 7,8 эсеге). Казакстанда бюджеттин тартыштыгы 2,8 эсеге өскөн. Россияда бюджеттин профицити дефицитке алмаштырылган.
2023-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча улуттук валюта менен туюндурулган мамлекеттик карыз Арменияда 10,5%га, Казакстанда – 22,2%га, Кыргызстанда — 26,9%га, Россияда — 30,8%га өскөн. Армениянын жана Кыргызстандын мамлекеттик карызынын түзүмүндө тышкы карыз, Казакстан менен Россияда — ички карыз басымдуулук кылган.
Статистикалык маалымат кененирээк ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында “Каржы статистикасы” бөлүмүндө келтирилген.