Жаңылыктар

22.11.2024

Руслан Давыдов: "Бажылык жөнгө салуунун бирдиктүүлүгү ЕАЭБде товарлардын эркин кыймылын камсыздоонун шарты болуп саналат"

Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун Эл аралык конференциясынын пленардык сессиясында ЕАЭБде бажылык жөнгө салуунун трансформациясы жана аны андан ары өркүндөтүү боюнча иштин келечектүү багыттары жөнүндө айтып берди. Алардын арасында – ЕАЭБ Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү, электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашууга кол коюу.

"Бул инструменттерди натыйжалуу киргизүү жана бирдиктүү бажылык жөнгө салууну камсыз кылуу ЕАЭБде тоскоолдуктардын пайда болуу учурларын кыскартууга өбөлгө түзөт, – деп белгиледи Руслан Давыдов. – ЕАЭБде товарлардын эркин кыймылы бирдиктүү бажылык жөнгө салуусуз мүмкүн эмес".

ЕЭК министри ошондой эле бажы мыйзамдарын өркүндөтүү маселелеринде алдыга карай кыймылдын маанилүүлүгүнө көңүл бурду, бул жөнүндө Бирлик өлкөлөрүнүн лидерлери бир нече жолу айтышкан жана 2030-2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияда бекитилген.

"Бажылык жөнгө салуу жана ЕАЭБдин ички рыногун өнүктүрүү" тематикалык сессиясында Руслан Давыдов ЕЭК бажы блогунун ЕАЭБ Соту менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө айтып берди. "Товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо маселелери бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча ЕАЭБ Сотуна кайрылуулардын негизги предметтеринин бири болуп саналат, – деди ЕЭК министри. – Ошол эле учурда Комиссия тарабынан кабыл алынган 200 классификациялык чечимдердин ичинен Бирлик иштеп турган мезгил ичинде ЕАЭБдин Сотуна алардын 10%ы гана даттанылган".