Жаңылыктар

12.09.2024

Руслан Давыдов ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп дайындалды

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 9 чечими менен Давыдов Руслан Валентинович Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп дайындалды.

Анын бай дипломатиялык тажрыйбасы бар. 2008-жылдан бери бажы органдарында, 10 жылдан ашык – Федералдык бажы кызматынын жетекчисинин орун басары, биринчи орун басары. 2023-жылдын февралынан 2024-жылдын майына чейин — Россиянын ФБК башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу. 

Дүйнөлүк бажы уюмунда (ДБУ) Россия Федерациясынын кызыкчылыктарын коргогон. 2014-жылдан 2016-жылга чейин — ДБУ Кеңешинин аудит боюнча комитетинин башчысы, 2016-жылдан 2017-жылга чейин — ДБУ Кеңешинин төрагасы, 2017-жылдан 2019-жылга чейин — ДБУ Кеңешинин вице-төрагасы.