Жаңылыктар

04.04.2024

7-апрелден тарта эт жана эт азыктарына карата техрегламентке өзгөртүүлөр күчүнө кирет

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 98 чечими менен кабыл алынган өзгөртүүлөр Бажы бирлигинин "Эт жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 034/2013) маркалоодо көрсөтүлгөн союулган мал азыктарынын жана эт продукциясынын азыктык баалуулугу жөнүндө маалыматка карата талаптарын түзөтөт.

Өзгөртүүлөрдүн актуалдуулугу союлган малдын эти жана союлган мал азыктары, анын ичинде чийки зат түрүндө пайдаланылгандар белоктун жана майдын курамынын табигый бир түрдүү эместиги менен мүнөздөлө тургандыгы менен шартталган.

Өзгөртүүлөрдө азыктык заттардын камтылышынын иш жүзүндөгү маанилерин (азыктык баалуулуктун көрсөткүчтөрүнүн) маркалоодо көрсөтүлгөндөрдөн четтөөсүнүн жол берилген чектери каралган: продукциядагы белок маркалоодо көрсөтүлгөн мааниден 80%дан кем болбоого тийиш; май, көмүр суутек, кубаттуулугу (калориялуулугу) — маркалоодо көрсөтүлгөн маанилерден 120%дан ашык болбоого тийиш.

Мисалы, эт продукциясын маркалоодо 100 г өнүмгө белоктун иш жүзүндөгү маанисине карата белоктун орточо мааниси 17 г (100 %) деп көрсөтүлсө, жаңы талаптарды эске алуу менен 100 г өнүмгө карата 13,6 граммдан (80 %) кем болбошу керек. 100 г өнүмгө карата майдын мааниси 18 г (100 %) деп көрсөтүлсө, анда майдын иш жүзүндөгү мааниси 100 г продукцияга карата 21,6 г (120 %) ашык болбошу керек.

Ушундай эле мамиле Евразия экономикалык бирлигинин "Канаттуулар этинин жана аны кайра иштетүү продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" (ЕАЭБ ТР 051/2021) техникалык регламентинин талаптарында каралган, ал 2023-жылдын 1-январынан тартып колдонууда.

Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий белгилегендей, өзгөртүүлөр чийки заттын өзгөчөлүктөрүн жана этти кайра иштетүү өнөр жайынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен тамак-аш заттарынын камтылышын контролдоо менен байланышкан проблемаларды чечүүгө, ошондой эле маркалоодо көрсөтүлгөн белоктун, майдын, көмүрсуутектин жана калориялуулуктун иш жүзүндөгү маанилеринин дал келбестиги менен керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келүүчү иш-аракеттердин алдын алууга багытталган. Валентин Татарицкийдин пикири боюнча, жаңы талаптарды ишке киргизүү Бирлик өлкөлөрүндө ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү шарттарына оң таасирин тийгизет.

Комиссиянын Коллегиясынын 2024-жылдын 5-мартындагы № 15 чечими менен өткөөл мезгил каралган. 2024-жылдын 7-апрелине чейин берилген же кабыл алынган, өзгөртүүлөр киргизилген союлган мал азыктарынын жана эт продукциясынын шайкештигин баалоо жөнүндө документтер алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу экендиги каралган. Бул продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга мындай документтердин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жол берилет, продукцияны жүгүртүүгө даярдоочу белгилеген жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде жол берилет.