Жаңылыктар

29.05.2023

ЕАЭБ күнү менен!

29-майда ЕАЭБ мүчө мамлекеттери биринчи жолу Евразия экономикалык бирлигинин күнүн белгилеп жатышат. 2014-жылы бул күнү Казакстан Республикасында ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюлган.

"9 жылдык таржымалында Евразия экономикалык бирлиги Чоң Евразия мамлекеттеринин кызматташтыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн негизги аянтчасына айланды. Биз маанилүү стратегиялык чечимдерди кабыл алууга даярбыз. Бүгүнкү күндө биздин бирикменин алдында дымактуу максаттар турат, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө инвестициялык жигердүүлүктү өбөлгөлөө, өз көрсөткүчтөрү боюнча SWIFT тутумунан жогору турган эсептик тутумду түзүү, автономдуу санариптик валюта чөйрөсүн иштеп чыгуу. Жакынкы жылдары Бирлик өлкөлөрүнүн, ошондой эле бүтүндөй Евразия мейкиндигинин мамлекеттеринин экономикалык кызыкчылыктарына сый мамиле жасоонун негизинде ЕАЭБ өлкөлөрү бирикменин иштешинин жогорку арымдарын сактап кала аларына жана ал тургай көбөйтө аларына толук ишенем", – деп баса белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович.

Евразия экономикалык бирлигинин күнүн белгилөө жөнүндө демилгени 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров көтөрүп чыккан. Демилге евразиялык "бешилтиктин" башка төрт өлкөсүнүн – Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Россиянын башчылары тарабынан бир добуштан колдоого алынган. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тескемесинде белгиленгендей, мындай күндү белгилөө Бирликтин мамлекеттеринин ортоктоштугун бекемдөөгө жана алардын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жардам берет. Садыр Жапаровдун сунушу боюнча ЕАЭБ күнү жыл сайын белгиленет.

2023-жылы Евразия экономикалык бирлигинде төрагалык кылуучу мамлекет — Россия болуп саналат. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин 2022-жылдын 9-декабрында Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңейтилген жыйынында сүйлөп жатып, ЕАЭБди өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын актуалдаштырууну бул биримдикте Россиянын төрагалыгынын артыкчылыктарынын бири деп атаган. Мындан тышкары, Владимир Путин орто жана узак мөөнөттүү келечекке мындан аркы интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктаган жаңы стратегиялык пландоо документтерин даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп өткөн.


Михаил Мясникович Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларын: Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Никол Пашинянды; Беларусь Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Александр Лукашенкону; Казакстан Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Касым-Жомарт Токаевди; Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Садыр Жапаровду; Россия Федерациясынын Президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы Владимир Путинди;

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өкмөт башчыларын: Армения Республикасынын Премьер-министри, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөсү Никол Пашинянды; Беларусь Республикасынын Премьер-министри, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөсү Роман Головченкону; Казакстан Республикасынын Премьер-министри, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөсү Алихан Смаиловду; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөсү Акылбек Жапаровду; Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы Михаил Мишустинди;

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин вице-премьерлерин: Армения Республикасынын вице-премьери, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү Мгер Григорянды; Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү Игорь Петришенкону; Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү Серик Жумангаринди; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсү Адылбек Касымалиевди; Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Төрагасы Алексей Оверчукту ЕАЭБ күнү менен куттуктады.