21-ноябрда АСЕАНда ЕАЭБдин күндөрү "ЕАЭБ жана АСЕАНдын экономикалык күн тартиби: кесилишкен кызыкчылыктар" тегерек столу менен уланды. Иш-чаранын катышуучулары эки интеграциялык бирикменин өнүгүү күн тартибинин жана келечегинин жалпылыгын белгилешти.
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев белгилегендей, ЕАЭБ менен АСЕАНдын өз ара урматтоону, мамлекеттердин эгемендүүлүгүн таанууну, консенсустун негизинде чечимдерди кабыл алууну, эл аралык укук ченемдерин сактоону, мамилелерде ишенимди жана ачыктыкты камсыздаган интеграциялык процесстердин жакын кызыкчылыктары, баалуулуктары жана өнүгүү принциптери бар.
"ЕАЭБдин да, АСЕАНдын да учурдагы геоэкономикалык шарттарда максаттары жана стратегиялык пландары окшош. ЕАЭБ менен АСЕАНдын дээрлик дал келген экономикалык күн тартиби, ошондой эле Евразиядагы интеграциялык процесстердин синхрондуу өнүгүүсү ишкер чөйрөлөрдүн кызыкчылыктарына жана суроо-талаптарына жооп берет", – деп билдирди Сергей Глазьев.
Ошондой эле ал баса белгилеп өткөндөй, ЕАЭБде пландаштырылып жаткан бирдиктүү энергетикалык рынокту ишке киргизүү мунай жана жаратылыш газын импорттогон АСЕАН өлкөлөрүнө потенциалдуу кызыкдар, ал эми АСЕАН өлкөлөрүнөн дары өндүрүүчүлөр ЕАЭБдин 10 млрд АКШ доллар сыйымдуулугу бар бирдиктүү фармацевтикалык рыногунда иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кызматташтыктын башка келечектүү чөйрөлөрүнүн катарында ал ЕАЭБде түзүлүп жаткан технологиялык платформаларды, ошондой эле тамак-аш продукциясын өндүрүүнү жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды белгиледи.
АСЕАН Катчылыгынын өкүлү Александр Чандра белгилегендей, АСЕАНдагы жана ЕАЭБдеги экономикалык өсүштүн оң динамикасы алардын соода-экономикалык өз ара иштешүүсүнөн жогорку күтүүлөрдү шарттайт. Анын пикири боюнча, туруктуу өнүгүү чөйрөсү кызматташтыктын келечектүү багыты болуп саналат. Ал АСЕАНда туруктуу өнүгүү боюнча келишимди түзүү боюнча консультациялар аяктоого жакын калганын маалымдады. Эгер ал ийгиликтүү болсо, АСЕАН буга жетишкен биринчи интеграциялык бирикме болмокчу.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун Катчылыгынын жетекчисинин орун басары Фёдор Черницын дүйнөлүк экономикалык жигердүүлүктүн глобалдык борборлору Евразияга жылган фактты белгиледи. Мунун фонунда ЕАЭБ 2045-жылга карата калктын бакубаттуулугунун жогорку деңгээли менен экономикалык, технологиялык жана интеллектуалдык лидерликке жетишкен, өзүн өзү камсыздоочу, коопсуз, гармониялуу өнүккөн жана жагымдуу полиборбордук дүйнөнүн макрорегиону болуу максатын коет. Маселенин мындай коюлушу эки интеграциялык бирикменин – ЕАЭБ менен АСЕАНдын чоң аймагын, калкын, экономикалык потенциалын жана тыгыз транспорттук тармактарын эске алуу менен, ЕАЭБ менен АСЕАНдын ортосунда экономикалык кызматташтык жана цивилизациялык байланыш үчүн жаңы перспективаларды шарттайт. Кызматташтыктын келечектүү багыттарын жүзөгө ашыруунун мүмкүн болгон механизмдери ЕАЭБ менен АСЕАНдын ортосунда глобалдык эркин соода аймагын түзүү, ошондой эле технологиялык өнөктөштүк болуп калышы мүмкүн.
Генерал Ахмад Яни университетинин профессору (Индонезия) Конни Раакундини Бакринин божомолдогондой, салыштырмалуу географиялык алыстык жана ЕАЭБ менен АСЕАНдын ортосундагы логистика жагынан кыйынчылыктар Кытай менен Монголияны кызматташтыкка тартуу, инфраструктурага инвестицияларды көбөйтүү, жаңы транспорттук коридорлорду түзүү, жөнгө салуунун улуттуктан жогорку ченемдерин унификациялоо, эки интеграциялык бирикменин элдеринин ортосундагы маданий алмашууларды жана баарлашууну активдештирүү жолу менен чечилиши мүмкүн.
Эл аралык ислам университетинин (Индонезия) доктору Фаджар Хираван ЕАЭБ менен кызматташуу АСЕАНдын алдында турган бир катар маанилүү милдеттерди чечүүгө позитивдүү салым кошо аларын белгиледи. Алардын арасында – реиндустриализация, санариптештирүү, кеңири транспорттук тармакты түзүү, энергия өткөрүүнүн жаңы этабына жетишүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.
Тегерек столдун ишине катышкан башка эксперттер ЕАЭБ менен АСЕАНдын жогорку технологияларга инвестициялар, санариптик трансформация, өз ара иштешүүнүн гуманитардык аспектилери, экология, корпоративдик башкаруу, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жана башкалар сыяктуу ар кандай чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Россиянын ТИМ ММЭМИнин алдындагы АСЕАН борборунун директору Екатерина Колдунова белгилегендей, жаңы чөйрөлөр ЕАЭБ менен АСЕАНдын өз ара иштешүүсүнүн күн тартибинин предмети болушу мүмкүн. Бул үчүн ЕАЭБде жана АСЕАНда интеграция тажрыйбасын изилдеген изилдөө программасын түзүү зарыл.
Тегерек столдун жана АСЕАНда ЕАЭБ күндөрүнүн башка иш-чараларынын жүрүшүндө айтылган идеялар жана сунуштар кийин ЕЭК менен АСЕАНдын ортосунда экономикалык кызматташтык жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жана 2025-жылга чейин эки интеграциялык бирикменин биргелешкен Кызматташтык программасын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынуучу практикалык кадамдардын негизине кириши мүмкүн.
"ЕАЭБ жана АСЕАНдын экономикалык күн тартиби: кесилишкен кызыкчылыктар" тегерек столу ЕЭК тарабынан Россиянын ТИМ ММЭМИнин алдындагы АСЕАН борбору менен биргеликте уюштурулду. Иш-чаранын модерациясын борбордун эксперти Никита Куклин жүргүздү.
Иш-чаралардын видеосу ЕЭКтин Youtube-каналында жеткиликтүү.