Сооданы интенсификациялоо, жаңы логистикалык каттамдарды издөө жана улуттук, анын ичинде санариптик валюталардын негизинде эл аралык эсептешүүлөрдүн жаңы тутумун өнүктүрүү маселелерин, Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 5-декабрда Каирде россиялык компаниялардын көп тармактуу бизнес-миссиясынын ачылышында чыгып сүйлөөнүн жүрүшүндө, Евразия экономикалык бирлигинин Египет жана Африканын башка өлкөлөрү менен кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү мүмкүн болгон артыкчылыктардын арасында белгиленди. Бизнес-миссия Россиянын экспорттук борбору тарабынан уюштурулган.
"ЕАЭБ жана Африка өлкөлөрүнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын дарамети зор, аны андан ары өнүктүрүү үчүн бардык зарыл өбөлгөлөр бар", – деп Сергей Глазьев билдирип, ЕАЭБдин Африка региону менен товар жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын январынан сентябрына чейин эле 34%га, ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Африка регионуна экспорту 40%га көбөйгөндүгүнө басым жасады.
"Африка рыногу ЕАЭБ мамлекеттеринде өндүрүлгөн минералдык өнүмдөргө, азык-түлүккө, химиялык өнөр жай товарларына, металлдарга, машиналарга жана жабдууларга жакшы суроо-талапты жаратат. Ошол эле учурда Африка өлкөлөрүнөн ЕАЭБге айыл чарба чийки заттары, жашылчалар, жемиштер, химиялык продукция, текстиль жана кийим-кече алынып келинет", – деди Сергей Глазьев жана соода-экономикалык кызматташтыкты колдоонун жаңы инструменттерин издөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Бизнес-миссиянын пленардык бөлүгүнүн жүрүшүндө Россиядан жана Египеттен ишкерлер, ошондой эле ЕЭК өкүлдөрү Египетке экспортту өстүрүү жана аны басаңдатуучу факторлор, экспортту колдоонун финансылык жана финансылык эмес механизмдери, сатып алуу ишинин өзгөчөлүктөрү жана тажрыйбасы, үчүнчү өлкөлөр тарабынан ЕАЭБдин айрым мамлекеттерине карата чектөө чараларын колдонуу шарттарында логистикалык маселелер жана чек ара аралык эсептөөлөр боюнча мүмкүн болгон чечимдер сыяктуу маселелерди талкуулашты.
Дискуссиянын катышуучулары ЕАЭБ менен Египеттин ортосунда эркин соодалашуу жөнүндө макулдашууну ишке киргизүүгө, ошондой эле АӨК, машина куруу, илим сыйымдуу технологиялар, транспорт, энергетика, анын ичинде кайра жаралуучу ресурстарды пайдалануу менен кызматташууга басым жасоо менен Африканын субрегионалдык интеграциялык бирикмелери менен ЕАЭБдин өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө практикалык кызыгууну белгилешти.
Россия Федерациясынын Египеттеги соода өкүлү Алексей Теванян ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн өстүрүү үчүн Египеттеги Суэц каналынын экономикалык аймагындагы россиялык өнөр жай аймагынын ийгиликтүү иши маанилүү экенин белгиледи, мында Бирликтин башка өлкөлөрүнүн компаниялары резидент статусун алууга жана ушул аймакта өндүрүлгөн өз продукциясы менен бүтүндөй Африка рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары, банктар аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана улуттук валюталарда эсептешүүлөрдү жүргүзүү соодага оң таасирин тийгизет.
Египет өнөр жай федерациясынын (FEI) өнөктөштөр менен иштөө жана эл аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча директору Шаима Баха Эль Дин египеттик жана россиялык компаниялардын ортосундагы кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечегин баса белгилеп, бизнести экспертизалоо жана интернационалдаштыруу чөйрөсүндөгү мыкты тажрыйбаларды белгиледи.
Египеттин ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү Россия Федерациясы менен да, ЕАЭБдин башка өлкөлөрү менен да кызматташуунун ар кандай тармактарында кооперацияны өнүктүрүүгө абдан кызыкдар экендигин билдиришти.
2024-жылы Комиссиянын көп тармактуу бизнес-миссияларга катышуусун улантуу пландаштырылууда. Тиешелүү даярдык иштери ЕЭК тарабынан РЭБ, ЕАЭБ Ишкер кеңеши, РӨИБ жана Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ишкер чөйрөлөрү менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Маалымат
Иш-чара Россия Федерациясынын Египеттеги Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Россиянын экспорттук борбору тарабынан уюштурулган. Бизнес-миссиясынын ишине 50дөн ашык россиялык жана египеттик компаниялар катышты.