Мамлекеттер аралык бирикмелердин валюталык-финансылык эсептешүүлөрдүн глобалдык тутумун жаңылоого катышуусу Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан 11-сентябрда Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форумдун алкагында уюштурулган "Чоң Евразия: альтернативалык эл аралык валюталык-финансылык тутумду түзүүнүн драйверлери" сессиясынын негизги темасы болду. Сессиянын трансляциясы төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү.
ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри, РИА академиги Сергей Глазьев өз сөзүндө Евразия экономикалык бирлигинин улуттук валюталарда эсептешүүлөргө өтүүдөгү ийгиликтерин белгилеп өттү жана бул маселе ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүү пландарын иштеп чыгуу жана Чоң Евразия мейкиндигинде анын позициялоо контекстинде өзгөчө актуалдуу экенин баса белгиледи.
"ЕАЭБде 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара соодада улуттук валюталардагы эсептешүүлөрдүн үлүшү 83%ды түздү", — деди ЕЭК министри жана бул тенденция күчөтүлөт деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле Сергей Глазьев баса белгилегендей, жаңы дүйнөлүк валютаны түзүү регионалдык жана мамлекеттер аралык бирикмелердин, анын ичинде дүйнөлүк экономикадагы салмагы дайыма өсүп жаткан БРИКСтин негизги аянтчаларында жигердүү талкууланууда.
ЕЭК министри негизги чийки зат товарларына баа түзүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп, аны менен катар ЕАЭБдин жалпы евразиялык биржа мейкиндигин түзүү боюнча күч-аракеттерин белгиледи.
"Улуттук валютадагы эсептешүүлөрдү санариптик формада мындан аркы өнүктүрүү – бул келечекте абдан келечектүү багыт, – деди Сергей Глазьев. — Эгерде дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү же кеминде БРИКС өлкөлөрү өздөрүнүн улуттук валюталарына санариптик квоталарды бөлүп берүү жөнүндө макулдашышса, санариптик биржаларда бир нече жүздөгөн брокерлер бул валюталарды тең салмактуулукка алып келишет жана биз аларды колдоно алабыз. Мен бул болот деп ойлойм".
Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасынын орун басары Александр Бабаков эл аралык эсептешүү бирдигинин долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө сунушту колдоп, маанилүү ички шартты – рублдин туруксуздугун азайтууга жана улуттук өнүгүү милдеттерине шайкеш келген монетардык саясатты жүргүзүүгө көңүл бурду.
Мындай процесстер үчүн зарыл болгон эсептешүүлөрдүн жаңы формаларына өтүү жана Чоң Евразия мейкиндигинде инфраструктураны адаптациялоо жөнүндө ЕАЭБдин чет өлкөлүк өнөктөштөрү билдиришти. Алсак, Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары Сохаил Хан ШКУнун улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүү боюнча жасап жаткан кадамдары тууралуу айтып берди жана уюмдун мүчө мамлекеттеринин финансы министрликтеринин жана борбордук банктарынын өкүлдөрүнөн турган атайын түзүлгөн эксперттик топтун алкагындагы иштерди белгиледи.
"Адистер өлкөлөрдүн валюталык жөнгө салуу мыйзамдарындагы айырмачылыктарга, улуттук валюталардагы өз ара эсептешүүлөрдүн учурдагы абалына кылдат талдоо жүргүзүп, алардын өнүгүшүнө тоскоол болгон чектөөлөрдү жана кеңейүү келечегин аныктап жатышат", – деп белгиледи ШКУнун башкы катчысынын орун басары.
Мьянма Бирлигинин инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар министри Кан Зо технологиялык инновацияларды, мамлекеттердин өз ара көз карандылыгынын болуп көрбөгөндөй деңгээлин жана дүйнөлүк экономикада өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өсүп жаткан ролун эске турган валюталык-финансылык системаны модернизациялоо зарыл деген тезисти колдоду.
"Экономикасы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске ала турган кыйла инклюзивдүү системаны түзүү талап кылынат", – деп баса белгиледи Кан Зо.
Валюта-финансылык байланыштарды өнүктүрүү боюнча өз көз караштары менен Кытай элдик университетине караштуу "Чунъян" финансылык изилдөөлөр институтунун аткаруучу деканы Ван Вэнь, ВЭБ.РФ башкы экономисти Андрей Клепач, Макроэкономикалык анализ жана кыска мөөнөттүү болжолдоо борборунун башкы директорунун орун басары, акча-насыя саясатын талдоо багытынын жетекчиси Олег Солнцев, РИА Элдик экономикалык болжолдоо институтунун директору Александр Широв, Бразилиянын экономикалык талдоочусу Пепе Эскобар, Евразиялык интеграция илимий борборунун эксперттик тобунун жетекчиси Олег Ногинский бөлүшүштү.