Бул тууралуу ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) Ишкердик кеңешинин АӨИЧКнын мүчө мамлекеттеринин чакан жана орто ишканаларда бизнес-процесстерди санариптештирүү жана азык-түлүк коопсуздугу чөйрөлөрүндөгү кызматташтыгынын перспективаларына арналган Бешинчи пленардык отурумунун ачылышында сөз сүйлөп жатып билдирди.
"Бардык Азия өлкөлөрү, айрыкча, Чыгыш Азия, экономикалык өнүгүүнүн туруктуу жана абдан жогорку темптерин көрсөтүшүүдө", – деп баса белгиледи ЕЭК министри..
Азияда жадагалса каатчылык мезгилинде да байкалып жаткан экономикалык өнүгүүнү сактоонун эң маанилүү жана приоритеттүү милдеттери катары Сергей Глазьев Азияда соода мейкиндигин түзүү үчүн санариптик технологияларды киргизүүнү, ички баа түзүү тутумдары менен бирдиктүү Евразия биржа мейкиндигин түзүүнү, стабилдүү, натыйжалуу жана ачык соода жана азык-түлүк товарларын бөлүштүрүү тутумдарын түзүү аркылуу Азия үчүн жалпы азык-түлүк коопсуздугу тутумун түзүүнү атады.
Маалымат
АӨИЧКнын Ишкердик кеңеши АӨИЧКнын кеңешме органы болуп, АӨИЧКга кирген мүчө мамлекеттердин коммерциялык уюмдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүн бириктирет.
АӨИЧКнын Ишкердик кеңеши чакан жана орто ишкердик чөйрөсүндө экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү, АӨИЧКнын катышуучу өлкөлөрүнүн коммерциялык уюмдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда тике байланыштарды орнотуу жана тике диалогду демилгелөө, аларды өз ара пайдалуу, регионалдык экономикалык кызматташтыкты демилгелөө үчүн экономикалык багыттагы ар тараптуу кызматташтыкка тартуу үчүн жооп берет.