Жаңылыктар

26.01.2024

Сергей Лавров ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегянды "Өз ара иштешүү үчүн" белгиси менен сыйлады

Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегянга Россиянын ТИМинин "Өз ара иштешүү үчүн" төш белгисин тапшырды.

Россиянын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Гоар Барсегяндын Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого кошкон көрүнүктүү салымын белгиледи.

Россия Федерациясынын ТИМинин "Өз ара иштешүү үчүн" төш белгиси менен Россиянын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар Россиянын тышкы иштер министрлиги менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, мамлекеттер ортосундагы тынчтыкты жана достук мамилелерди чыңдоого көмөк көрсөтүү боюнча биргелешкен жигердүү иштери үчүн сыйланышат.