Жаңылыктар

04.04.2023

ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди

2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан кол коюлган, Ташууларга байкоо жүргүзүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу 2023-жылдын 3-апрелинде күчүнө кирди.

Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Бирликтин бардык мамлекеттеринде аткарылган, бул жөнүндө ЕЭКке тиешелүү ноталар келип түшкөн. 

Документ эл аралык келишимдин статусуна ээ жана ЕАЭБде товарларды жана транспорт каражаттарын ташууда контролдоонун жаңы технологиялык инструментин – навигациялык пломбаларды колдонуу үчүн укуктук негизди белгилейт.

Ошол эле учурда Макулдашуунун колдонуу чөйрөсү Бирликтин эки же андан көп өлкөлөрүнүн аймактары боюнча жүзөгө ашырылуучу ташууларга гана жайылтылат.

Навигациялык пломба, анын жардамы менен товарлардын жана транспорт каражаттарынын жылдырылышын аралыктан көзөмөлдөө камсыз кылынган түзмөк болуп саналат.

Аталган технологияны колдонуу транспорт каражатына жүздөгөн жана миңдеген километр аралыкта онлайн-режиминде байкоо жүргүзүүгө жана пломбаланган жүк сактоочу жайдагы товарларга карата ар бир мыйзамсыз аракеттерди (эгерде мындай учурлар болсо) белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Навигациялык пломбаларды колдонуунун эсебинен ташуулардын "айкындуулугу" камсыздалат.

Макулдашуу товарларды ташууда (транзитте, экспорттоодо жана өз ара сооданын алкагында) мамлекеттик контролдоо чараларын минималдаштырууга жана Бирликтин аймагында алардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыздоого багытталган.

Макулдашууда товарлардын категорияларын жана алар жылдырыла турган транспорттун түрлөрүн эске алуу менен байкоону этап-этабы менен киргизүү каралган. Мындай мамиле ташуулардын катышуучуларынын жана мамлекеттик органдардын иштин заманбап талаптарына жооп берген жаңы шарттарына жумшак көнүүсүн камсыз кылат.

Азыркы учурдун шарттары контролдун жаңы заманбап инструменти контролдоочу органдардын да, ТЭИ субъекттеринин да кызыкчылыктарына жооп берээрин тастыктап турат.

Маалымат

Ушул жылдын 7-мартында ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу менен аныкталган, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөө механизмин киргизүү боюнча иш-чаралар планын жактырган. ЕЭК Кеңеши евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн вице-премьерлеринин деңгээлинде бекитүүгө тийиш болгон тиешелүү жол картасы иш-чаралардын комплексин камтыйт. Аларды ишке ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүндө ташууларды көзөмөлдөөнү 2024-жылдын январында баштоого мүмкүндүк берет.