Жаңылыктар

29.01.2025

ЕЭК менен Бразилиянын БРИКС алкагындагы кызматташтыгы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Бразилия Федеративдүү Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Родриго де Лима Баэна Соарес менен болгон жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирди.

Евразия экономикалык комиссиясы жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери Бразилия менен кеңири күн тартиби боюнча активдүү кызматташат. Тактап айтканда, бул өлкө менен өз ара мамилелер ар кандай форматтарда, анын ичинде эл аралык уюмдарда жана интеграциялык бирикмелерде, мисалы БРИКСТЕ ийгиликтүү өнүгүүдө.

"Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык ишмердигин андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдети болуп анын эл аралык аренада экономикалык тартылуунун уюлу катары позицияланышы саналат. БРИКС менен жакындашуу бул максатка жетүүдө маанилүү ролду ойнойт", – деп белгиледи Гоар Барсегян.

Быйылкы жылы БРИКСте төрагалык кылуу Бразилияга өттү. Гоар Барсегян бул мамлекеттен кесиптештерине төрагалыктын пландаштырылган иш-чаралар программасынын ийгиликтүү аткарылышын каалап, ага дагы бир пунктту – Комиссиянын катышуусу менен БРИКС жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай министрлеринин жумушчу жолугушуусу жөнүндө киргизүүнү сунуштады.

Мындан ары мындай иш-чаралар туруктуу негизде өткөрүлүп, ЕЭК делегациясы 2024-жылдын августунда БРИКС өлкөлөрүнүн профилдик министрлери менен жолугушуунун жүрүшүндө Нижний Новгороддо башталган предметтик диалогду уланта алмак. Эске салсак, анда сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары ЕАЭБ жана БРИКС форматтарын жакындаштырууга даярдыгын ырасташкан, кызматташтыктын конкреттүү перспективаларын жана өнөр жай чөйрөсүндө мүмкүн болгон макулдашууларды белгилешкен.

Быйылкы жылы БРИКС аянтчасында талкуунун темалары өнөр жай-технологиялык өз ара аракеттенүү жана бул чөйрөдө тажрыйба алмашуу, жаңы технологиялар жаатында биргелешкен иштеп чыгуулар, экономиканы санариптештирүү боюнча кызматташуу ж. б. маселелер болушу мүмкүн.

"Дал өнөр жай тармагы экономикалык өсүштүн драйвери катары жогорку технологиялык жана илим сыйымдуу компетенцияларды топтойт. Буга байланыштуу БРИКС менен кызматташууну улантуу демилгеси биринчи кезекте өнөр жай тармагындагы биргелешкен иш-чараларга байланыштуу. Бразилиянын БРИКСте төрагалыгынын алкагында өнөр жай тармагына басым жасоо сунушталат", — деп баса белгиледи Гоар Барсегян.

Тараптар БРИКС жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай министрлеринин жолугушуусун даярдоону координациялоону макулдашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн дагы бир маанилүү темасы Бирлик мамлекеттеринин жана Комиссиянын Бразилия менен агроөнөр жай секторунда, атап айтканда азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча кызматташтыгын өнүктүрүү болду.

2018-жылы ЕЭК менен Түштүк Американын жалпы рыногунун (МЕРКОСУР) ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган, анда өнөр жай чөйрөсүнө басым жасалган. Бразилия жана Латын Америкасынын башка өлкөлөрү менен диалог ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин артыкчылыгы бойдон калууда, анын ичинде химиялык өнөр жайда, металлургияда жана айыл чарбасында кызматташтык.