Жаңылыктар

17.04.2024

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мунай-газ машиналарын куруу ишканаларынын кызматташуусу Евразиялык мунай-газ форумунда талкууланды

"Мунай-газ комплекси үчүн жабдуулар жана технологиялар" эл аралык көргөзмөсүнүн (Мунайгаз-2024) ишинин алкагында 16-апрелде Евразиялык мунайгаз форуму болуп өттү, анда Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаменти Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги менен биргеликте "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде мунай-газ машиналарын куруу тармагындагы ишканалардын кооперациялык кызматташуусу" тегерек столун өткөрдү.

Тегерек столго спикерлер катары РФтин Соода-өнөр жай палатасынын, Мунай-газ технологиялык демилгелер институтунун, Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тармактык бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү катышышты.

ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян Комиссиянын кооперациялык кызматташтыкты илгерилетүүгө багытталган инструменттери жөнүндө, анын ичинде ЕАЭБде өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоонун жаңы инструменти жөнүндө айтып берди.

РФ Соода-өнөр жай палатасынын Вице-президенти Дмитрий Курочкин РФ Соода-өнөр жай палатасынын Бирликте өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө катышуусу жөнүндө билдирди, Армения Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлү Армениянын ишканаларынын мунай-газ машиналарын куруу тармагындагы өндүрүштүк жана технологиялык потенциалы жөнүндө маалымдады. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тармактык бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү тармактын учурдагы абалы жана анын муктаждыктары маселелерин козгошту.

Тегерек столдун жыйынтыктары боюнча катышуучулар Комиссиянын инструменттерин колдонуу менен Бирликтин алкагында мунай-газ машиналарын куруу ишканаларынын кызматташтыгын активдештирүүнү макулдашышты.

Маалымат

"Мунай-газ" көргөзмөсүн РФ Энергетика министрлигинин, РФ Өнөр жай жана соода министрлигинин колдоосу менен, РФ Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу астында "Экспоцентр" АК уюштурат.

Көргөзмө дүйнөдөгү он ири мунай-газ кароолорунун катарына кирет, ар кайсы өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнө жана жеткирүүчүлөрүнө соңку мунай- газ жана мунайды кайра иштетүүчү жабдууларды жана технологияларды адистерге көрсөтүүгө, ишкердик байланыштарды түзүүгө жана кеңейтүүгө, тармактын алдында турган маселелердин кеңири тизмегин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.

2016-жылдан бери көргөзмө жыл сайын мунай- газ форуму менен бирге өткөрүлүп келет.