Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 4-июлда "Электр энергиясынын дүң рыногунун соода тутумунун администратору" акционердик коомун (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногунда электр энергиясын бир суткага алдыга борборлоштурулган сатууну уюштурууну ишке ашырган уюм катары аныктады. Эми Бирлик жөнүндө келишимде каралган жалпы электр энергетикалык рынокто борборлоштурулган сооданын бардык операторлору аныкталды. ЕАЭБдин энергоресурстарынын жалпы рынокторун түзүү артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп саналат. Электр рыногунун жалпы бирликтик рыногу 2025-жылдын 1-январынан тарта иштей башташы күтүлөт. ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда "бешилтик" өлкөлөрү өздөрүнүн бардык "дүң сатуучуларынын" чек ара аралык соодага катышуусу үчүн шарттарды түзүүсү пландаштырылат. Ыктыярдуулук, атаандаштык жана ачык баа түзүү – бул рыноктун иштешинин укуктук базасына киргизилген негизги принциптер. Ошондой эле ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунун иштөө эрежелерин (өз ара соода, мамлекеттер аралык электр берүү линияларынын жана маалымат алмашуунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана бөлүштүрүү) Бирлик өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларына кабыл алуу үчүн берүү мөөнөттөрүн макулдашты.
Учурда Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Эл аралык келишим күчүнө кирди, электр энергиясын мамлекеттер аралык берүү (транзит) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу эрежелери бекитилди, ошондой эле жалпы рынокто мөөнөттүү контракттар боюнча электр энергиясын борборлоштуруп сатууну уюштурган соода аянтчалары аныкталды. Маалымат 2022-жылдын ноябрында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн сунуштарынын негизинде мөөнөттүү контракттар боюнча электр энергиясын борборлоштуруп сатуу үчүн ЕЭК Кеңеши үч соода аянтчасын аныктаган: Беларустун универсалдуу соода биржасы (БУСБ), Казакстандын электр энергиясы жана кубаттуулук рыногунун оператору (КЭКРО), Санкт-Петербург Эл аралык Товардык-чийки заттык биржасы (СПбЭТЧБ). Тооруктар биржалык механизмдерди, тактап айтканда, анонимдүү кош утурлама аукционду колдонуу менен электрондук соода системасында өтөт.
|