Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү кабыл алды.
Буюмдарга сиңдирилген парфюмердик-косметикалык продукцияга карата техрегламентти колдонуу жааты такталды. Бул ченем, мисалы, балдардын жалаяктарына сиңдирилген нымдоочу кремге же джинсыларга сиңдирилген целлюлитке каршы каражаттарга тиешелүү.
Техрегламенттин түшүнүктүк аппараты жаңыланды. Парфюмердик-косметикалык продукцияны лабораториялык жаныбарларды колдонбостон, эсептик ыкма менен ингредиенттердин токсикологиялык мүнөздөмөлөрүн талдоонун негизинде токсикологиялык баалоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү белгиленген.
Ооз көңдөйүнүн гигиенасы каражаттарынын таңгагына карата биринчи ачууну контролдоо зарылдыгы жөнүндө талап белгиленген.
Ошондой эле парфюмердик-косметикалык продукциянын аталышында катталган дары-дармектердин же медициналык буюмдардын соода аталыштарын пайдаланууга тыюу салынат.
Техрегламентте белгиленген парфюмердик-косметикалык продукциянын шайкештигин мамлекеттик каттоонун жана декларациялоонун схемалары жана жол-жоболору техрегламентти колдонуу практикасын эске алуу менен шайкештикти баалоонун бекитилген типтүү схемаларына ылайык келтирилди.
Өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши керектөөчүлөргө да, өндүрүүчүлөргө да оң таасирин тийгизет. Өзгөртүүлөрдө тактоо зарыл болгон учурларда бир маанилүү талаптар белгиленген. Мисалы, үй-бүлөлүк косметика жаатында көптөгөн суроолор жана ар түрдүү түшүнүүлөр болгон: мындай продукцияга карата балдар продукциясына сыяктуу талаптар коюлушу керекпи (анткени, албетте үй-бүлөдө балдар болушу мүмкүн)? Өзгөртүүлөр менен үй-бүлөлүк косметиканын таңгагында колдонуучулардын минималдуу жашын көрсөтүү керек экендиги аныкталды, жана ага жараша тигил же бул талаптар колдонулат.
Өзгөртүүлөр айрым жоболорду кошпогондо, расмий жарыялангандан бир жылдан кийин күчүнө кирет.
Техрегламентке өзгөртүүлөрдүн өтмө жоболорун ЕЭК Коллегиясы өзүнчө чечим менен аныктайт.