Жаңылыктар

30.03.2023

ЕЭК Кеңеши 2023-жылы чийки кантка карата тарифтик жеңилдик боюнча чечим кабыл алды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде тростниктен жасалган чийки кантты алымсыз алып келүү түрүндөгү тарифтик жеңилдикти берүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Беларусь Республикасына 100 миң тоннадан көп эмес көлөмдө, Казакстан Республикасына – 350 миң тоннадан көп эмес көлөмдө, Кыргыз Республикасына – 50 миң тоннадан көп эмес көлөмдө, Россия Федерациясына – 100 миң тоннадан көп эмес көлөмдө алып келинген кант алып келүү бажы алымынан бошотулат.

"Чечим ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин 2023-жылга карата кант боюнча индикативдик баланстарын эске алуу менен кабыл алынды. Жактырылган тарифтик жеңилдик кант тармагынын ички өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана Бирлик өлкөлөрүнүн ишканаларын чийки зат менен камсыздоого багытталган", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Ал ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттери тарабынан кантка болгон керектөөлөрдү өз ара жабуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен көрсөтүлгөн маселеге күзүндө кайрылып келүү пландаштырылаарын тактады.

Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн баштап 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.