Жаңылыктар

15.07.2022

ЕЭК Кеңеши айрым айыл чарба товарлары боюнча суроо-талаптын жана сунуштун 2022-2023-жылдарга карата баланстарын бекитти

2022-жылдын 15-июлунда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши айрым айыл чарба товарлары – буудай жана меслин, арпа, жүгөрү, күн карама дандары жана күн карама майы боюнча суроо-талаптын жана сунуштун 2022-2023-жылдарга карата биргелешкен индикативдик баланстарын бекитти.
Биргелешкен болжолдоолор экспортту жөнгө салуунун Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери тарабынан кабыл алынган чараларын андан ары жакындатууга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ички агроөнөр жай рыногунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылууга багытталган.

Тараптар аталган товардык позициялар боюнча биргелешкен болжолдоолорду түзүү, ошондой эле түзүлүп жаткан индикативдик баланстар менен каралган параметрлердин алкагында өз ара соодадагы бир тараптуу чараларды болтурбоо боюнча ишти улантуу жөнүндө келишишти.