Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 14-майда өткөн отурумда Евразия экономикалык бирлигинин "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Түзөтүүлөрдүн зарылдыгы аны колдонуу тажрыйбасынын жүрүшүндө аныкталган. Техрегламент жаңы терминдер менен (мисалы, "жыпар жыттуу оюнчук", "жумшак толтурулган оюнчук", "шылдырак", "даам көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн топтом (даам топтому)" ж.б.) жана башкалар) жана оюнчуктардын жаңы түрлөрүнө талаптар менен (мисалы, жыт сезүүнү өнүктүрүү үчүн стол үстүндө ойнолуучу оюндар, даам топтомдору жана башкалар) толукталды.
"Оюнчуктарды өндүрүү тармагы өнүгүп жатат. Рынокто оюнчуктардын ассортименти тынымсыз кеңейип, оюнчуктардын жаңы түрлөрү пайда болууда. Өзгөртүүлөр мындай буюмдарга талаптарды коюп, жалпысынан оюнчуктардын коопсуздук деңгээлин жогорулатат. Ошондой эле техрегламенттин колдонуудагы редакциясын колдонуунун жүрүшүндө зарылдыгы аныкталган айрым жоболорду конкреттештирүү ишкерлерге оюнчуктарга карата коопсуздук талаптарын сактоо менен, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий.
Кеңештин техрегламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими расмий жарыяланган күндөн тартып жарым жылдан кийин күчүнө кириши каралган.