Жаңылыктар

25.03.2024

"Жашыл Евразия" экинчи эл аралык климаттык конкурсуна билдирмелерди берүү мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылды

Бизнестин жогорку кызыкчылыгына жана документтерди даярдоого кошумча убакыт берүүгө кайрылууларга байланыштуу, Евразия экономикалык комиссиясы жана Стратегиялык демилгелер агенттиги "Жашыл Евразия" экинчи эл аралык климаттык конкурсуна билдирмелерди берүү мөөнөтүн 2024-жылдын 30-апрелине чейин (кошо алганда) узартуу жөнүндө жарыялашат.

Эске салсак, конкурска катышуу акысыз, билдирмелерди кабыл алуу 12-февралда башталган. Ар бир уюм ар кандай номинацияларда эң көп дегенде үч долбоорду сунуштай алат, алардын арасында:

- Климат чөйрөсүндөгү мамлекеттик стратегиялар жана практикалар;

- Климаттык каржылар;

- Төмөн көмүртектүү энергетика;

- Жашыл транспорт;

- Туруктуу жер пайдалануу, токой жана суу чарбачылыгы;

- Төмөн көмүртектүү өнөр жай;

- Жашыл курулуш,

- Климаттык жигердүү заттарды башкаруу;

- Туюк циклдеги төмөн көүртектүү экономика;

- Климаттык өзгөрүүлөргө мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү;

- Климаттык туруктуу инфраструктура;

- Климаттык туруктуу шаарлар;

- Жаңы климаттык шарттарда айыл чарба жана токой чарбасы;

- Жаңы климаттык шарттардагы суу ресурстары;

- Климаттык агартуу жана билим берүү.

 

Сынакка коммерциялык компаниялар, мамлекеттик мекемелер, бийлик органдары, коммерциялык эмес уюмдар жана бирикмелер, ошондой эле жеке жактар катыша алышат, алар өтүнмө толтурушу керек.