Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 14-февралда өткөн отурумда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө ЕАЭБ алкагында эмгек миграциясын жөнгө салуу боюнча мамилелерди өркүндөтүүнү сунуштады.
Атап айтканда, мүчө мамлекеттерге Бирлик өлкөлөрүнүн эмгекчилеринин эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүнө байланыштуу административдик жол-жоболордун ачыктыгы жана жөнөкөйлүгү принцибин кармануу сунушталды. Бул алардын жайлуулук деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөрү жана ЕАЭБдин негизги милдеттеринин бири – эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун түзүүнү натыйжалуу чечүүгө жардам берери белгиленди.
Кызматкерлер менен эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимди электрондук түрдө түзүүгө көмөктөшүү сунушталат. Бул эмгек мамилелеринин аралыктагы формаларын мыйзам талаасына которууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде, бир жагынан, Бирлик жөнүндө келишимде каралган эмгекчилердин укуктарын жана социалдык кепилдиктерин толук өлчөмдө ишке ашырууга, ал эми экинчи жагынан – салыктык башкаруунун жана статистикалык эсепке алууну жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнө мүчө мамлекеттердин эмгекчилерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жумушка орношкон өлкөдө узак мөөнөткө болууга укук берген статус берүү сунушталды. Азыркы убакытка чейин бир жылдан ашык мөөнөткө эмгек келишимдерин түзгөн кызматкерлер бир катар мүчө мамлекеттерде мындай келишимдердин бүткүл мөөнөтүндө миграциялык каттоого турууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес.
Мындан тышкары, бирликтик өлкөлөрдүн эмгекчилеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеткилигин камсыздоо сунушталат. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн расмий порталдарын колдонуудагы кээ бир чектөөлөргө байланыштуу. Аларга, мисалы, улуттук документтер боюнча порталдарга катталуу татаал же кээде таптакыр мүмкүн эмес.
ЕЭК Коллегиясы тарабынан кабыл алынган документти жүзөгө ашыруу жагдайды көп жагынан жакшы жакка өзгөртөт жана Бирликтин өлкөлөрүнө эмгек миграциялык агымдарын бирге натыйжалуу жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү