Ошол эле учурда тараптар кантты мүчө мамлекеттердин ички рыногуна сатуунун артыкчылыгына, ошондой эле Россия Федерациясында 2022-жылдын 31-августуна чейин колдонулуп жаткан мындай жеткирүүлөргө чектөөлөр узартылбай тургандыгына көңүл бурушу керек.
"Консультациялардын жыйынтыгы боюнча, ЕЭКтин аянтчасында 1-сентябрдан кийин зарыл болгон канттын көлөмү боюнча келишимдерди түзүү жана жеткирүү мүмкүндүгүнө карата кепилдиктер берилди. Атап айтканда, Россиянын жана Казакстандын Айыл чарба министрликтери жылдын аягына чейин 168 миң тонна жогорку пландык көлөмдөрдү жеткирүүнү макулдашышты. Мындай жаңылыктардан кийин рыноктор бардык спекуляциялар аяктарына толук ишенем", - деп белгиледи Комиссиянын соода боюнча министри Андрей Слепнев.