Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун өкүлдөрү Москвада өткөн "Сейрек кездешүүчү жана жерде сейрек кездешүүчү металлдар 2024" (СМ жана ЖСМ) жана "Жез 2024" III тармактык конференциясына катышышты.
Конференциянын талааларында Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жана үчүнчү өлкөлөр, анын ичинде африкалык жана азиялык региондор менен кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.
Аталган металлдардын кендерин Казакстанда өнүктүрүү потенциалы жөнүндө баяндама конференциянын катышуучуларын өзгөчө кызыктырды (баяндамачы катары KAZAKH INVEST чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча Казакстандын улуттук компаниясы чыкты), анын ичинде республикадагы тармактык долбоорлорду инвестициялоонун өзгөчөлүктөрү боюнча.
Өлкөлөр аралык кызматташууну кеңейтүү үчүн Казакстанда СМ жана ЖСМ боюнча тармактык ассоциация түзүү сунушталды.
Мындан тышкары, экологиялык күн тартибине шайкеш келген жана Түштүк Африка Республикасында ийгиликтүү сыналган уникалдуу, дүйнөдө аналогу жок россиялык СМ жана ЖСМ казып алуу технологиясы сунушталды.
"Жез 2024" тармактык конференциясынын негизги материалдары – Арменияда, Казакстанда, Россияда жана Өзбекстанда жез өнөр жайын өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө, ошондой эле жашыл технологияларда жездин колдонулушуна тиешелүү баяндамалар болду.
Иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар ЕАЭБдин кооперациялык потенциалын эске алуу менен тармакта илимий-техникалык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча ишти активдештирүүнү макулдашышты.
Маалымат
"Сейрек кездешүүчү жана жерде сейрек кездешүүчү металлдар" жана "Жез" тармактык конференциялары – казып алуучу жана металлургиялык негизги компаниялардын тажрыйба алмашуусуна, жаңы кендерди өздөштүрүүгө, ири инвестициялык долбоорлорду, ошондой эле инновациялык технологияларды колдонуу менен иштеп жаткан металлургиялык ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого арналган кесиптик аянтчалар.
Быйылкы жылдагы иш-чараларга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын, тармактык ассоциацияларынын жана алдыңкы ишканаларынын өкүлдөрү катышышты.