Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетте жалпы каржы рыногун түзүүгө жана каржылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мыйзамдарды айкалыштырууга карата мамилелер талкууланды. Отурум Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында Комиссиянын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султановдун төрагалыгы алдында өттү.
ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүү концепциясынын алкагында туунду уюмдар жана алардын коммерциялык катышуусу аркылуу каржылык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн рынокторуна өз ара жеткиликтүүлүктү камсыз кыла турган стандартташтырылган лицензия механизмин киргизүү каралган. Стандартташтырылган лицензия бул башкы уюмдун келип чыккан өлкөсүнүн каржылык жөнгө салуучусу тарабынан берилген атайын уруксат болуп саналат.
Бахыт Султановдун айтымында, бул документ банк жана камсыздандыруу секторлорунда ишмердүүлүктүн түрлөрүн жүргүзүүгө лицензияларды өз ара таанууга шарт түзүүгө багытталган. Мындан тышкары, ал юридикалык жана жеке жактар үчүн каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана ар түрдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле каржы рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган.
"Макулдашуу стандартташтырылган лицензияны берүүнүн тартибин жана шарттарын, изденүүчүгө жана лицензиатка карата талаптарды, туунду уюмду түзүү же сатып алуу тартибин аныктайт", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Макулдашуунун долбоору банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын кошо алганда, каржылык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн улуттук каржы рынокторуна өз ара кирүүсүн белгилейт, бул юридикалык жакты түзүү же туунду уюм түрүндө сатып алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ЕЭК Кеңешинин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу жана рыноктук ортомчуларга (брокерлерге) талаптарды белгилөө чөйрөсүндөгү негизги түшүнүктөр жана аныктамалар бөлүгүндө Бирлик мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштар жөнүндө сунуштаманын долбоорун карап чыгышты.
Отурумдун катышуучуларына Комиссиянын Кеңешинин банктарга жана камсыздандыруу уюмдарына жалпы каржылык рынокко жеткилик берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө, рыноктук ортомчуларга (дилерлерге) талаптарды белгилөөгө, баалуу кагаздарды биржалык соодалоонун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча чараларды өркүндөтүүгө багытталган сунуштамалардын долбоорлорунун үстүндө иштөө жөнүндө маалымат берилди.