Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 25-26-августта Чолпон-Атада (Кыргыз Республикасы) өткөрүлгөн отурумунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт жана логистика тармагындагы биргелешкен иши каралды. Талкуунун жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү приоритеттүү инфраструктуралык транспорттук долбоорлордун тизмеги жактырылды.
Кабыл алынган документ чоң интеграциялык потенциалы бар инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда Бирликтин өлкөлөрүнүн координациясын камсыз кылуу үчүн негиз катары кызмат кылат, деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.
Тизмекке Бирликтин бардык өлкөлөрүнөн долбоорлор кирди. Мисалы, Армениядан "Түндүк – Түштүк" жол коридорунун программасы (4-чү кезек) жана Беларустан М-1/Е 30 Брест (Козловичи) – Минск – Россия Федерациясынын чек арасы (Редьки) автомобиль жолунун реконструкциясы. Тизмекте Казакстандан – "Европа – Батыш Кытай" эл аралык транспорттук каттамына кирген М-32 автомобиль жолунунун Казакстанга тиешелүү участокторун реконструкциялоо. Кыргызстандан тизмекке "Луговая – Балыкчы" темир жол участогун электрлештирүү кирди. Документте Россия Федерациясынан – "Европа – Батыш Кытай" эл аралык транспорттук каттамына кирген автомобиль жолдорунун Россияга тиешелүү участокторун куруу жана модернизациялоо.
Тизмекке баары болуп ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишке ашыруунун ар түрдүү баскычтарындагы 7 долбоору кирди. Алардын баары Евразия транспорт коридорлорун жана каттамдарын, транзиттик потенциалды жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгеси менен байланыштыруунун алкагында "Чыгыш – Батыш" жана "Түндүк – Түштүк" багыттарындагы эл аралык транспорт коридорлоруна кирген транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.