Жаңылыктар

14.06.2022 (Обновлено: 28.06.2022 10:33)

ЕАЭБ өлкөлөрү керектөөчүлөргө карата ишкердик иш-тажрыйбанын мамилелерин өркүндөтүүдө

Евразия экономикалык комиссиясы керектөөчүлөргө карата адилеттүү ишкердик иш-тажрыйба жөнүндө сунуштаманы бекитти.

Комиссиянын Коллегиясы 2021-жылдын январь айында кабыл алган, керектөөчүлөргө карата адилеттүү ишкердик иш-тажрыйбанын принциптерин жана критерийлерин өнүктүрүү максатында, ЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө бизнестин жөндүүлүк, адилеттүүлүк, ачыктык жана керектөөчүнүн алдындагы жоопкерчилик принциптерин сактоо үчүн корпоративдик ишкердик этиканы калыптантууга багытталган демилгелерин колдоону сунуштайт.

Сунуштамалар өзүн-өзү контролдоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы милдеттүү талаптарды бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды киргизүүнү жана ишкердик ишмердиктин кесиптик стандарттарын белгилөөнү, социалдык жоопкерчиликтин мыкты иш-тажрыйбаларын киргизүүнү караштырат.

Документ Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясынын иш-чаралары менен каралган. Ал Бишкекте болуп өткөн Евразия экономикалык форумунун алкагында өткөрүлгөн жумушчу жолугушуулардын жана тегерек столдордун жүрүшүндө бизнес-ассоциациялардан жана керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринен келип түшкөн сунуштарды эске алат.