Жаңылыктар

30.03.2023

Россия Федерациясынын Коомдук палатасынын аянтчасында тигишсиз бажы логистикасын жөнгө салуу тенденциялары талкууланды

Евразия экономикалык бирлигинде бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Сергей Владимиров "Тигишсиз бажы логистикасын укуктук жөнгө салуунун тренддери жана жашыл санариптик коридордун чек ара аралы" тегерек столунда сүйлөп жатып айтып берди.

Иш-чара Россия Федерациясынын Коомдук палатасы тарабынан өткөрүлдү. Ага катышууга Россиянын ФБК өкүлдөрү, Россиянын алдыңкы жождорунун илимий кызматкерлери жана окутуучулары, тышкы экономикалык ишмердүүлүк, бизнес-коомчулуктун логистика жана транспорт маселелери менен байланышкан ассоциацияларынын жана бирикмелеринин өкүлдөрү чакырылган.

Сергей Владимиров бажылык жөнгө салуу дайыма мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөрүн белгилеп өттү. Ошондой эле ал ЕАЭБдин Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө комплекстүү протоколдун долбоору учурда мамлекеттик ички макулдашууларды жүргүзүүгө жөнөтүүгө даярдалгандыгын маалымдады.

"Протоколдун долбооруна киргизилген негизги жаңылыктардын ичинен эң маанилүүсү жана транспорттук-логистикалык бизнес күтүп жатканы - товарларды эл аралык ташуу үчүн колдонулуучу контейнерлерди жылдырууну жөнөкөйлөтүү саналат, – деди Сергей Владимиров. - Бардык регламенттик мөөнөттөрдү эске алуу менен Протоколдун долбоору ушул жылдын май айында мамлекеттик ички макулдашууга багытталат".