Жаңылыктар

05.04.2023

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн санариптик долбоорлору "EADF-2023" V Евразиялык санариптик форумунда сунушталат

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө жүзөгө ашырылып жаткан санариптик долбоорлор Евразия экономикалык комиссиясынын колдоосу менен 18-21-апрелде Минскте "ТИБО-2023" телекоммуникациялар, маалыматтык жана банктык технологиялар боюнча 29-эл аралык адистештирилген форумдун талааларында өтө турган "EADF-2023" V Евразиялык санариптик форумунда сунушталат.

"EADF Евразия санариптик форуму "Тибо" талааларында татыктуу түрдө борбордук эл аралык иш-чара болуп калды". Форумдун катышуучулары алардын катышуусу менен жүзөгө ашырылып жаткан санариптештирүү чөйрөсүндөгү долбоорлордун презентациясы менен корпоративдик жана улуттук стенддерди, өздөрүнүн инновациялык иштеп чыгууларын жана санариптик трансформация үчүн МТ-чечимдерин сунуштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат", - деп белгиледи ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян.

"EADF-2023" форуму бирдиктүү Евразиялык санариптик рынок мейкиндигин этап-этабы менен түзүүгө, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин санариптик трансформациясынын улуттук стратегияларын шайкеш келтирүүгө көмөк көрсөтүүгө арналган.

"EADF-2023" форумунда санариптик рынокторду интеграциялоонун жана шайкеш келтирүүнүн эл аралык тажрыйбасын, ЕАЭБдин ички рынокторун санариптик трансформациялоонун тармактык аспектилерин, дайындарды чек ара аралык жүгүртүү шарттарында санариптик суверендүүлүк маселелерин жана башка темаларды талкуулоо пландаштырылат.

"Санариптик Евразия, электрондук өз ара иштешүүнүн жана интеграциянын өсүү чекиттери" пленардык сессиясынын ишине Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Григорий Логвинов, эл аралык уюмдардын, бизнестин, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, пикир лидерлери катышат.

Форумга катталуу

Алдын ала программа