Жаңылыктар

24.01.2025

Комиссияда товарларга декларациянын айрым графаларын толтурууну жөнөкөйлөтүү талкууланды

Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директорунун орун басары Григор Оганяндын төрагалыгы астында ЕЭКтин профилдик Консультативдик комитетинин алдында бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Отурумда бир катар маселелер, анын ичинде бизнес тарабынан демилгеленген маселелер каралды. Кеп товарларды декларациялоону жөнөкөйлөтүү, анын ичинде мурдагы бажы жол-жобосу жана мурдагы документ жөнүндө маалыматтарды тактабоо мүмкүндүгү, ошондой эле айрым учурларда товарларды ташып кетүүдөгү транспорт каражаттары жөнүндө болду.

Эксперттер бажы контролунун тандалмачылыгын камсыздоо, аларды автоматтык түрдө иштетүү жана товарларды текшерип кароо учурларын минималдаштыруу үчүн контейнерлер жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү эрежелерин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды жалпысынан жактырышты.

Товарларга карата декларацияны толтуруу тартиби Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 чечими менен бекитилген.

Бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топ Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин чечими менен түзүлгөн.