Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы товарларды чыгарууга байланыштуу Бажы операцияларын жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Товарларды чыгаруу жөнүндө маалыматты жиберүү тартиби такталды, чыгаруу жөнүндө мурда жөнөтүлгөн билдирүүлөрдү оңдоо жана жокко чыгаруу учурлары жана тартиби аныкталды, бажы органынын маалыматтык тутумун колдонуу менен декларанттарга берилүүчү маалыматтардын курамы оңдолду, ошондой эле техникалык үзгүлтүктөрдөн улам келип чыккан маалыматтык тутумдун бузуктугу четтетилгенден кийин иш-аракеттердин тартиби белгиленди.
Документ бажы транзитинин жол-жоболорун колдонуу эрежелерин регламенттөө жана транзиттик операцияларды жүргүзүүдө маалыматтарды берүүгө карата талаптарды аныктоо чөйрөсүндө Евразия экономикалык бирлигинин актыларын жеткире иштеп чыгуу боюнча комплекстүү иштин бир бөлүгү болуп саналат. Өзгөртүүлөр товарларды транзиттик ташууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы органдарынын ортосунда документтерди жана маалыматтарды электрондук алмашууну ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан.
Товарларды чыгаруу, товарларды чыгаруудан баш тартуу жана товарларды чыгарууну жокко чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү, товарларды чыгаруунун мөөнөтүн токтото туруу, мындай токтото туруу мөөнөтүн узартуу жана аларды жокко чыгаруу жөнүндө чечимдерди жол-жоболоштуруу, ошондой эле мындай чечимдерди кабыл алуу жөнүндө кабарлоо тартиби Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2017-жылдын 19-декабрындагы № 188 "Товарларды чыгарууга байланыштуу айрым маселелер жөнүндө" чечими менен бекитилген.