Бажы декларацияларын каттоонун бирдиктүү тартиби бекитилди
18.12.2024
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы бажы декларацияларын каттоону тариздөөнүн же каттоодон баш тартуунун жаңы тартибин бекитти.
"Жаңы эрежелер бажы декларацияларынын үч түрүн каттоого карата бирдиктүү ыкмаларды камсыз кылат, электрондук декларациялоонун артыкчылыгын, ошондой эле бажы органынын кызмат адамынын катышуусуз бажы декларацияларын каттоону же каттоодон баш тартууну жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн эске алат", – деп белгиледи ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов.