Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 14-сентябрда экспресс-жүк катары өткөрүлүүчү коммерциялык товарларды декларациялоодо колдонулган экспресс-жүктөр үчүн декларацияда колдонулуучу маалыматтарды өзгөртүүгө (толуктоого) байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү тартибин бекитти.
Укук колдонуу практикасында көп учурда бажы товарларды чыгарганга чейин да, андан кийин да декларациядагы маалыматтарды өзгөртүү же толуктоо зарылдыгы келип чыгат. Мындай өзгөртүүлөрдүн демилгечиси экспресс-ташуучу жана бажы органы болушу мүмкүн.
"Бекитилген тартип экспресс-ташуучунун жана бажы органдарынын кызмат адамдарынын иш- аракеттеринин конкреттүү алгоритмин, бажы документине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мөөнөттөрүн жана учурларын карайт", — деп белгиледи ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров.
Долбоор Комиссиянын бажы блогу тарабынан экспресс-жүктөрдү бажылык башкарууну жакшыртуу жана бул маселе боюнча заманбап укуктук базаны калыптандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин логикалык уландысы болуп саналат.
Маалымат
Комиссиянын Коллегиясынын 2018-жылдын 28-августундагы № 142 "Жүк ташуучу тарабынан товарларга декларацияны колдонуу менен экспресс-жүк катары жеткирилүүчү товарларды бажылык декларациялоо жөнүндө" чечими менен экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларацияны толтуруунун формасы жана тартиби бекитилген жана аны колдонуунун шарттары аныкталган.
Экспресс-жүктөрдү бажылык башкарууну өркүндөтүү боюнча иштер мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин алдындагы профилдик жумушчу топтун алкагында жүргүзүлүүдө.