Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндө Бажы бирлигинин техникалык регламенттерине киргизилген өзгөртүүлөрдү ишке киргизүү тартибин бекитти. Бул тамак-аш продукциясына, ошондой эле анын айрым түрлөрүнө: май-тоң май продукциясына, сүт жана сүт продукциясына, эт жана эт продукциясына, балык жана балык продукциясына, канаттуулардын этине жана аны кайра иштетүү продукциясына карата, тамак-аш продукциясында ветеринардык дары-дармек каражаттарынын калдык камтылышынын максималдуу жол берилген деңгээлин белгилөө бөлүгүндө техрегламенттер.
Комиссиянын Коллегиясы тарабынан өткөөл мезгил аныкталды — Комиссиянын Кеңешинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 70 чечими менен кабыл алынган өзгөртүүлөр күчүнө кирген күндөн (2024-жылдын 10-июлу) 18 ай. Бул мезгилдин аралыгында көрсөтүлгөн техникалык регламенттерде буга чейин аныкталган милдеттүү талаптарга ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында тамак-аш продукциясын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө чыгарууга жол берилет. Ошол эле учурда мындай продукцияны Бирликтин рыногунда жүгүртүүгө аны даярдоочу тарабынан белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде жол берилет.
Өткөөл мезгилди белгилөө ишкердик ишмердикти жүргүзүү шарттарына оң таасирин тийгизет. Ветеринардык дары-дармек каражаттарынын калдык камтылышынын максималдуу жол берилген деңгээлин белгилөө бөлүгүндө, тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү техрегламенттерге киргизилген товарларга карата жаңы талаптарды сактоого даярдоочуларды, даярдоочулар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдарды жана жаныбарлардан алынган тамак-аш продукциясын сатуучуларды (жеткирүүчүлөрдү) акырындык менен даярдоо үчүн жетиштүү мөөнөттөр камсыздалат.