Жаңылыктар

21.06.2022 (Обновлено: 04.07.2022 16:32)

2021-жылда ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоону жүргүзүүдө бизнес-коомдоштуктун катышуу активдүүлүгү олуттуу түрдө жогорулады

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларына Евразия экономикалык комиссиясынын 2021-жылдагы чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоонун (ЖТБ) мониторинги көрсөтүлдү.

"Өткөн жылда Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун коомдук талкуулоонун алкагында ишкерлерден келип түшкөн сунуштардын саны 29%га өскөн, – деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев. – Бул Бирликтин өлкөлөрүнүн ишкердик жана эксперттик коомдоштуктарынын ЖТБ жол-жобосуна суроо-талабынын деңгээлинин жогорулашын тастыктайт".

Бизнес-коомдоштуктун сунуштарын эске алуу үлүшү дээрлик 70% түздү, башкача айтканда, Комиисия Бирликтин алкагында улуттан жогорку жөнгө салууну киргизүүдө ишкердик коомдоштуктардын пикирине кулак салат. Оң корутундулардын саны 87% түзөт. Бул Комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдердин басымдуу көпчүлүгү Бирликте бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга багытталгандыгын күбөлөндүрөт.

Бул аспапты андан ары өркүндөтүү максатында 2021-жылда Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун алкагында Бирлик жөнүндө келишимге түзөтүүлөр даярдалып, мамлекет башчылары тарабынан кол коюлган. Аталган түзөтүүлөрдө Комиссиянын кабыл алган чечимдеринин долбоорлорунун иш жүзүндөгү таасирин баалоо механизмин киргизүү жана ЖТБ жол-жоболорун ЕАЭБдин алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна жайылтуу каралган.

Маалымат

ЖТБ – бул ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлорунун ишкердик ишмердикти жүргүзүү шарттарына таасирин баалоо жол-жобосу, аны жүргүзүүдө Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнесинин позициясы эске алынат.

ЖТБ жол-жобосу эки баскычтан турат: учурдагы баалоо – ЕЭКтин чечиминин долбоорун Бирликтин сайтында 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөттүн ичинде коомдук талкуулоо жана жыйынтыктоочу баалоо – ЖТБ жөнүндө корутундунун ЕЭКтин атайын түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан даярдалышы.