Жаңылыктар

29.08.2022 (Обновлено: 07.09.2022 11:57)

Шайкештигин бирдиктүү форма боюнча милдеттүү түрдө тастыктоого жаткан продукциянын бирдиктүү тизмегине өзгөртүүлөр жарыяланды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши мүчө мамлекеттердин сунуштарынын негизинде Бирдиктүү форма боюнча шайкештик жөнүндө сертификаттарды жана шайкештик жөнүндө декларацияларды берүү менен шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоого жаткан продукциянын бирдиктүү тизмегин (Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 620 чечими) актуалдаштырды. Документ ЕАЭБдин укуктук порталында жарыяланган.
Жаңылоолор Бирдиктүү тизмектин 24 позициясына карата мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттарга тиешелүү: 23 стандарт жаңы редакциядагы стандарттарга алмаштырылды, ал эми бир стандарт анын жоюлгандыгына байланыштуу алынып салынды.
"Өзгөртүүлөр мындай продукцияга карата ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү тарабынан таанылуучу бирдиктүү формадагы декларацияларды жана сертификаттарды жол-жоболоштурууда актуалдуу стандарттарты колдонуу үчүн керек, бул мындай продукциянын Бирликтин рыногунда эркин жүгүртүлүшүн камсыз кылат", – деп ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко баса белгиледи.