Бул бул тармакта негиз болуучу эки эл аралык келишим – Бирликтин техрегламенттеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруунун принциптери жана ыкмалары жөнүндө макулдашуу жана Бирликтин техникалык регламенттеринде талаптары белгиленбеген продукцияны Бирликте жүгүртүү тартиби жөнүндө макулдашуу.
Ошондой эле тараптардын ыйгарым укуктуу органдарына өздөрүнүн улуттук маалымдоо тутумдарын өз убагында толуктап иштеп чыгуу жана алардын жалпы процессти ишке ашырууга даярдыгын камсыздоо тапшырылды.
Евразия экономикалык бирлигинде кооптуу продукциялар жөнүндө маалыматтык тутумду түзүү боюнча пилоттук долбоор 2018-2021-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн. Алты техникалык регламенттин мисалында (төмөнкү вольттогу жабдууларга, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына, балдар жана өспүрүмдөр үчүн продукцияларга, оюнчуктарга, эт жана сүт азыктарына карата) контролдоо (көзөмөлдөө) органдары тарабынан Бирликтин милдеттүү талаптарына ылайык келбеген продукцияны табуу жөнүндө 100дөн ашык билдирүү түзүлгөн.
Пилоттук долбоордун ишинин натыйжалары ЕАЭБде "Кооптуу продукция жөнүндө маалымдоо тутумун түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу" жалпы процессинин алкагында кооптуу (ылайыксыз) продукцияны аныктоо жөнүндө маалымдоо тутумун түзүүдө негиз катары кабыл алынат.
Бул процессти ишке ашыруу Бирликтин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарына ыкчам чараларды көрүү жана кабыл алуу үчүн анын маалыматтык чөйрөсүндө координацияланган өз ара аракеттенүүгө, анын ичинде керектөөчүлөр үчүн аныкталган кооптуу продукцияга карата өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет.