Жаңылыктар

26.01.2023 (Обновлено: 31.01.2023 10:44)

ЕАЭБде Шайкештикти баалоонун типтүү схемалары өзгөртүлдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Шайкештикти баалоонун типтүү схемаларына өзгөртүүлөрдү бекитти. Документ Россия Федерациясы тарабынан кароого киргизилген жана Комиссия тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракетте концептуалдуу иштелип чыккан. 

ЕЭК Кеңешинин чечими бул чөйрөдө уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү жакшыртуулар үчүн шарттарды түзөт. Алар юридикалык жактын аталышы же жеке ишкердин фамилиясы жана инициалдары өзгөргөндө, ошондой эле продукция өндүрүлгөн жердин дарегинин айрым реквизиттери өзгөргөндө (кеп, мисалы, шаардын, көчөнүн атын өзгөртүү, почта индексин, үйдүн номерин өзгөртүү жөнүндө) өндүрүштүн иш жүзүндөгү орду өзгөрүлбөгөн шартта, Бирликтин шайкештигин баалоо жөнүндө документтерге (сертификаттарга жана декларацияларга) түзөтүүлөрдү ыкчам киргизүүгө мүмкүндүк берет. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн иштеп жаткан чарба субъекттеринин ишин жеңилдетет.

Сертификаттарда же декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөртүлгөн төмөнкү учурлардын тизмеги өзгөртүүлөр менен толукталат:

- бул сертификаттарды же декларацияларды милдеттүү жол-жоболорду аткарбастан, башкача айтканда жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алмаштырууга жол берилет;

- сертификаттарды же декларацияларды алмаштыруу жүзөгө ашырылбашы мүмкүн, башкача айтканда уруксат берүүчү документтерге өзгөртүүлөрдү киргизбестен колдонууга болот.

Көрсөтүлгөн ченемдер Бирликтин техникалык регламенттерине тиешелүү өзгөртүүлөр кабыл алынгандан жана күчүнө киргенден кийин (Типтүү схемалардын негизинде шайкештикти баалоонун формаларын, схемаларын жана жол-жоболорун белгилөө бөлүгүндө) же сертификаттардын жана декларациялардын Бирдиктүү формаларына өзгөртүүлөр жана аларды жол-жоболоштуруу эрежелери күчүнө киргенден кийин (Комиссиянын Коллегиясынын 2022-жылдын 20-декабрындагы № 198 чечимине ылайык) түздөн-түз иштей баштайт.