Жаңылыктар

29.11.2024

ЕАЭБде мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын демилгеси боюнча дары-дармектерди каттоонун жаңы жол-жобосу пайда болот

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинде дары-дармек каражаттарын каттоо эрежелерине мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын демилгеси боюнча башка мүчө мамлекеттерде катталган медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоонун жыйынтыктарын таануу жол-жобосун киргизүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдүн долбоорун кабыл алды.

Жаңы жол-жобо мамлекеттин рыногунда дары-дармектин аналогдору катталбаган учурда ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча колдонулушу мүмкүн.

Каттоо референттик мамлекетте жүргүзүлгөн экспертизанын маалыматтарынын негизинде алымды (же каттоо үчүн башка белгиленген төлөмдү) төлөбөстөн жүргүзүлөт.

Жол-жобо фармацевттик өндүрүүчү үчүн коммерциялык жагымдуулукка ээ болбогон, сатуунун күтүлгөн төмөнкү көлөмү менен мүчө мамлекеттерде дары-дармек препараттарынын жетиштүү ассортиментин камсыздоо көйгөйүн чечүүгө багытталган жана ушуга байланыштуу бул препараттар ушул мүчө мамлекетте каттоого билдирилбейт. Мындай дары-дармектер саламаттыкты сактоо тутуму үчүн зарыл, анткени алар медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдонулат (көбүнчө аз өлчөмдө же сейрек).