Жаңылыктар

23.08.2023

ЕАЭБде жаңы транзиттик классификатор иштелип чыкты

22-августта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы бажы алымдарын төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыздоону бербеген учурлардын Классификаторун бекитти. Ал Комиссиянын бажы блогу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн органдары тарабынан Транзиттик декларацияны толтуруу тартибинин жоболорун аткаруу үчүн иштелип чыгарылган. 2023-жылдын 1-октябрында күчүнө кирет.

Документ салыктарды, бажы алымдарын, атайын алымдарды, демпингге каршы алымдарды жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруу жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгууну автоматташтырууга мүмкүндүк берет.

Маалымат

Классификатор Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 378 "Бажы документтерин толтуруу үчүн колдонулуучу классификаторлор жөнүндө" чечимине киргизилет.