Жаңылыктар

20.11.2023

ЕАЭБде салык саясаты жана башкаруу өркүндөтүлүүдө

Евразия экономикалык бирлигинде өз ара соодада кыйыр салыктарды алуу тартибин өркүндөтүүнүн практикалык маселелери, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдарынын ортосунда маалымат алмашуунун маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы саясаты департаментинин директору Аркадий Хачатряндын төрагалыгы астында өткөн Салык саясаты жана башкаруу боюнча консультативдик комитеттин 17-ноябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөн отурумунда каралды. Отурумга ЕАЭБдин салык саясаты маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана эксперттери катышышты.

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасына таасирин тийгизген салык мыйзамдарындагы негизги өзгөртүүлөрдүн серебин карап чыгышты: салыктык башкаруу, КНС, акциздер, жеке адамдардан киреше салыгын алуу, маалымат алмашуу, эл аралык салык салуу, салыкты башкарууну санариптештирүү, анын ичинде электрондук сервистер. 

Салык чөйрөсүндө эл аралык келишимдердин (макулдашуулардын) статусуна мониторинг жүргүзүүнүн алкагында 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге киргизилген же ратификациялоого жөнөтүлгөн өзгөртүүлөр каралды. 2022-жылдын 31-мартында кол коюлган жана ратификациялоого жөнөтүлгөн "II Чоң протоколундагы" өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду.

Консультативдик комитеттин жооптуу катчысы, ЕЭКтин Каржы саясаты департаментинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурматбек Мамбеталиев белгилегендей, отурумдун катышуучуларынын өзгөчө көңүлү ЕАЭБде электрондук соодага салык салуу маселесине бурулду. Комиссия жана Бирлик мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары Протоколдун тиешелүү долбоорун макулдашуу боюнча ишти улантышат (Жеке жактарга сатылуучу товарларды электрондук соодада кыйыр салыктарды алуу тартиби бөлүгүндө ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору). Бул маселени ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу Консультативдик комитеттин кезектеги отурумунда билдирүү тапшырылды.

Отурумдун катышуучулары маалыматтык технологияларды колдонуу менен салык органдарынын ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуу маселесин, ошондой эле ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келинген товарларды көзөмөлдөө механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүн карашты.

Тамеки продукциясы боюнча акциздердин чендеринин деңгээли талкууланды, аларды жакындаштыруу ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин тамеки продукциясына акциздер жаатында салык саясатын жүргүзүү принциптери жөнүндө макулдашуу боюнча каралган. Бул документке ылайык, ар бир беш жылда бирдиктүү индикативдик чен, ошондой эле Бирлик мамлекеттери тарабынан белгиленген акциздердин чендеринен четтөөнүн жол берилген диапазону белгиленет. Тараптар менен өткөрүлгөн консультациялардын жыйынтыктары боюнча ЕЭК Коллегиясынын отурумунда "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде 2029-жылга тамеки продукциясына акциздердин бирдиктүү индикативдик ченин бекитүү жөнүндө" маселени кароо үчүн материалдардын топтому даярдалды.

Маалымат

Салык саясаты жана тескөө-башкаруусу боюнча консультативдик комитет ЕЭК Коллегиясынын 2012-жылдын 15-мартындагы № 13 чечими менен түзүлгөн. Комитеттин төрагасы болуп ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Абдирович Сагинтаев саналат. Комитет Комиссиянын салык саясаты, өз ара соодада салык алуу механизмин өркүндөтүү маселелери боюнча консультативдик органы болуп саналат.