Жаңылыктар

24.01.2022 (Обновлено: 02.02.2022 15:42)

ЕАЭБде ветеринардык контроль жол-жоболору жеңилдетилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана аймагында ветеринардык контроль (көзөмөл) жүргүзүүнүн бирдиктүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Тобокелдикти баалоо механизмин колдонуунун аркасында Бирликтин аймагына алып келинип жаткан, ветеринардык контролго жаткан товарларды текшерип кароолордун саны азайтылды. ЕАЭБдин бажы аймагына алып келинип жаткан, контролго жаткан товарга карата үчүнчү өлкөнүн компетенттүү органы тарабынан берилген ветеринардык сертификат жөнүндө алдын ала маалымдоо механизми колдонулмакчы. Бул ЕАЭБде ветеринардык контроль (көзөмөл) жол-жоболорун жеңилдетүүгө алып келмекчи.