Жаңылыктар

19.08.2022 (Обновлено: 26.08.2022 10:31)

ЕАЭБде фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү эрежелери өркүндөтүлдү

19-августта Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү эрежелеринин жаңы редакциясын кабыл алды.

"Жаңы редакция ЕАЭБ өлкөлөрүнүн инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн фармацевтикалык инспекциялардын толук салыштыруу мүмкүнчүлүгүн жана өз ара таанылышын камсыз кылат, – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко. – Документ каттоо күбөлүгүн алуу үчүн каттоо досьесин берүү менен инспекцияларды параллелдүү жүргүзүүнү, улуттук өндүрүш аянтчалары үчүн улуттук GMP сертификаттарын танууну жана чет өлкөлүк өндүрүш аянтчалары үчүн – инспекциялоо жөнүндө документтерди инспекцияларды кайталоосуз таанууну ишке ашырууга мүмкүндүк берет".

Жаңы редакцияда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн фармацевтикалык инспекторлору топтогон укук колдонулуучу практика тажрыйбасы эске алынган, фармацевтикалык өндүрүүчүлөрдүн рынокко чыгуусун камсыз кылган фармацевтикалык өндүрүштү инспекциялоо эрежелери актуалдаштырылды, ошондой эле инспекторлордун ыйгарым укуктарынын, инспекциялоо процессинин субъектилеринин укуктарынын жана милдеттеринин, GMP сертификатын берүүдөн баш тартуу үчүн негиздердин толук тизмеги белгиленди.