Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Дары-дармек препаратынын сапаты боюнча ченемдик документти түзүү боюнча колдонмонун жаңы редакциясын бекитти.
Колдонмонун жаңыланган редакциясында ал боюнча препарат чыгарылган учурдан тартып жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин сапаты контролдонуучу, сапат боюнча ченемдик документти түзүү боюнча көрсөтмөлөр деталдаштырылган. Бул документ евразиялык регион үчүн мүнөздүү болуп саналат жана дары дармек препаратына, анын ичинде активдүү фармацевтикалык субстанцияларга (таасир этүүчү заттарга), аралык продуктуларга жана даяр дары препараттарына карата спецификациялардын негизинде түзүлөт.
Фармакопеялык ыкмаларды тандоонун алгоритми, дары-дармектердин сапатынын көрсөткүчтөрүнүн жол берилген ченемдерин (четтөөлөрүн) тандоого жана негиздөөгө жана бул көрсөткүчтөрдү баалоо үчүн колдонулуучу аналитикалык ыкмаларды тандоого карата ык-амалдар берилген.
"Кабыл алынган чечим дары дармектерди каттоодо алардын сапатын баалоону жүзөгө ашыруучу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лабораторияларынын топтолгон тажрыйбасын, ошондой эле каттоо досьесин тапшыруу тажрыйбасын эске алуу менен фармацевтикалык өндүрүүчүлөрдүн сунуштарын эске алат", - деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко.