Жаңылыктар

12.12.2023

ЕАЭБде өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлорго финансылык көмөктөшүү механизмине катышкан каржы уюмдарынын тизмеси бекитилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 12-декабрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери тарабынан өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда каржылык көмөк көрсөтүү механизмине катышкан каржы уюмдарынын тизмеси бекитилди.

"Бүгүн сунушталган каржы уюмдарынын тизмеси биздин өлкөлөрдүн позицияларынын негизинде түзүлгөн, – деп билдирди ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. — Ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чечими менен бекитилген, Биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларга каржылык көмөк көрсөтүү жөнүндө жобону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл. Бул Жободо улуттук каржылык уюмдарга карата талаптар белгиленген жана мындай уюмдардын тизмеси Комиссиянын Кеңеши тарабынан аныкталаары белгиленген".

Артак Камалян эскертип өткөндөй, көп тараптуу өнөр жай долбоорлоруна каржылык көмөк көрсөтүү механизмин ишке киргизүү жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон актыларды иштеп чыгууну жана кабыл алууну камсыз кылуу боюнча милдет Комиссиянын жана мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн алдына Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан коюлган.

Тизмеге 63 банк, 8 өнүктүрүү институту жана 1 эл аралык уюм (Евразия өнүктүрүү банкы) киргизилген.

Маалымат

Бирликтин бюджетинен өнөр жайда көп тараптуу интеграциялык долбоорлор үчүн насыялар боюнча пайыздык чендер жагында субсидиялоо боюнча жаңы ыйгарым укуктарды Евразия экономикалык комиссиясы ушул жылдын 25-майында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда мүчө мамлекеттердин башчылары макулдашкан, ЕАЭБ жөнүндө келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасында ээ болгон. ЕАЭБ жөнүндө келишимге ЕЭКке жаңы ыйгарым укуктарды берүү жагындагы өзгөртүүлөр алар Бирлик мамлекеттери тарабынан ратификациялангандан кийин күчүнө кирет.

2023-жылдын 26-октябрында Евразия өкмөттөр аралык кеңеш Өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери тарабынан аларды ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү жөнүндө жобону бекиткен.