Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин карантиндик объектилеринин бирдиктүү тизмесин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дагы бир кооптуу зыянкечтери – калифорниялык тырсылдак коңузу менен толуктады.
Аны Бирдиктүү тизмекке киргизүү үчүн негиз болуп Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген фитосанитардык тобокелдикти талдоонун натыйжалары эсептелет. Бул коңуз көбүнчө Түндүк Америка өлкөлөрүндө таралган. Алдын ала баамдоолор боюнча, калифорниялык тырсылдак коңуздан картофель боюнча гана жана Россияда гана келтирилген зыян 15,5 миллиард рублди түзүшү мүмкүн. Ал эми тырсылдак коңуз кант кызылчасы, картофель, буудай, кара буудай, арпа, сулу жана башкалар сыяктуу көптөгөн өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү курт-кумурскалар.
Буга чейин Бразилия, Түркия, Марокко, Иордания аны карантиндик объекттердин улуттук тизмесине киргизген, ал эми өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча Европа жана Жер Ортолук деңиз уюму – жөнгө салуу үчүн сунушталган карантиндик зыяндуу организмдердин тизмесинин А1-бөлүмүнө киргизген.
Мындан тышкары, ЕЭК Кеңеши Бирликтин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын калифорниялык тырсылдак коңузду өткөрүүнүн жана жайылтуунун потенциалдуу жолдору болууга жөндөмдүү карантинге алынган продукциянын айрым түрлөрүнө карата талаптар менен толуктады.
Кеңештин чечими ЕАЭБдин бажы аймагына зыянкечтердин кирүү коркунучун минималдаштырууга жана Бирликтин аймагында карантиндик фитосанитардык коопсуздуктун талаптагыдай деңгээлин камсыздоого мүмкүндүк берет.