Жаңылыктар

26.01.2023

ЕЭКте товарларды декларациялоонун өзгөчөлүктөрүн колдонууда маалыматтарды көрсөтүү эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү талкууланды

Евразия экономикалык комиссиясынын мезгилдүү жана толук эмес декларациялоону колдонууда товарларга декларацияны толтурууну жеңилдете турган чечиминин долбоору ЕЭКтин профилдик Консультативдик комитетине караштуу бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топтун отурумунда талкууланды.


Жыйын Комиссиянын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директорунун орун басары Нурлан Байназаровдун төрагалыгы астында өттү. Тактап айтканда, ал мындай деп белгиледи:

"Беларусь Республикасынын демилгеси боюнча декларациянын өзгөчөлүктөрү менен шартталган декларациянын бир катар графаларын толтурууну жеңилдетүү сунушталууда. Биздин пикирибиз боюнча, бул азыркы татаал шарттарда бизнес үчүн пайдалуу болот".

Мындан тышкары, отурумдун жүрүшүндө эксперттер декларация менен аналогия боюнча идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо жөнүндө маалыматтарды декларацияны бергенге чейин товарларды чыгаруу жөнүндө арызда көрсөтүү боюнча Россия Федерациясынын демилгесин талкуулашты.

Ошондой эле эксперттер товарларга декларацияны толтуруу тартибине №2 тиркемени толуктоо боюнча демилгелерди карашты.

Маалымат

Товарларга карата декларацияны толтуруу тартиби Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 чечими менен бекитилген.

Бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топ ЕЭКтин бажылык жөнгө салуу боюнча Консультативдик комитетинин чечимине ыла