Жаңылыктар

15.11.2023 (Обновлено: 21.11.2023 14:48)

ЕЭКте декларацияларды каттоо тартиби боюнча бизнестин сунуштары талкууланды

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн эксперттери Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директорунун орун басары Григор Оганяндын төрагалыгы алдында тармактык жумушчу топтун 14-ноябрдагы кезектеги жыйынында бажы декларациясынын үч түрүн: товарларга декларацияны, транзиттик декларацияны жана транспорт каражаттарына декларацияны каттоонун жаңы комплекстүү тартибин талкуулашты. Жаңы тартип электрондук декларациялоонун артыкчылыгын жана автоматтык түрдө каттоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алат.

Бул документти кошумча талкуулоо бизнестен кошумча келип түшкөн сунуштарды кароо зарылчылыгынан улам келип чыкты.

"Биз бул жаңы жана заманбап реалдуулукту чагылдырган тартип боюнча, эң оболу автокаттоо маселесин тийиштүү укуктук жөнгө салууну камсыздоо жагында иштин логикалык жыйынтыкталышына келүүнү каалайбыз", – деп белгиледи Григор Оганян.




Маалымат

Бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топ ЕЭКтин бажылык жөнгө салуу боюнча Консультативдик комитетинин чечимине ылайык 2021-жылдын 10-ноябрында түзүлгөн.