Жаңылыктар

18.01.2022 (Обновлено: 02.02.2022 09:57)

ЕЭКте ЕАЭБ мамлекеттеринин АӨКтүн кант кызылчасы боюнча тармагында кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча чаралар жактырылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин кант тармагында кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган сунуш-көрсөтмөнү кабыл алды. Документ ЕАЭБ жөнүндө келишимдин алкагында жана ЕЭК Кеңешинин тапшырмасына ылайык даярдалган.

ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян белгилеп өткөндөй, сунуш-көрсөтмө Бирликтин кант рыногун туруктуу өнүктүрүү, атап айтканда, кант тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн улуттук жана улуттуктун үстүндөгү жөнгө салуу чараларынын тизмесин камтыйт. Документке ресурстук камсыздоого, өндүрүшкө, өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана экспорттук потенциалга, маалыматтык иштерге жана тажрыйба алмашууга тиешелүү иш-чаралар киргизилген.

"Бул чараларды ишке ашыруу кызылча кантын балансталган өндүрүүнү камсыз кылууга, биздин Бирликтин ички рыногунун керектөөлөрүн канааттандырууга, ак кантты жана кантты камтыган продукцияны үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону көбөйтүүгө, АӨКтүн кант кызылчасы боюнча тармагында жагымдуу инвестициялык климатты колдоого мүмкүндүк берет", – деп баса белгиледи Артак Камалян.
Артак Камаляндын сөзү боюнча, ЕАЭБ мамлекеттери өнөр жайлык өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүн турукташтыруу жана мүчө мамлекеттер кант кызылчасынын рентабелдүү гибриддеринин жогорку сапаттуу, атаандаштыкка жөндөмдүү үрөндөрүн сатуу үчүн кант кызылчасынын селекциясын жана үрөнчүлүк чарбасын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бөлүүсү керек. Мындан тышкары, кызылча себүүчү жана кызылча жыйноочу техниканын паркын, мелиорация үчүн жабдууларды жаңылоо, кант кызылчасын оорулардан жана зыянкечтерден коргоо үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү препараттарды жаратуу, кант кызылчасынын ооруларынын козгогучтарын аныктоо ж.б. сунушталат.